2025-жылдын 25-июлунан 1-августуна чейин Бишкек шаарында DHI-HWS800A үлгүсүндөгү мобилдик радардык комплекстерди натурдук сыноодон өткөрүү иш-чаралары болуп өттү. Иш-чара Бишкек шаардык ЦИСМдин электрдик жана радиотехникалык өлчөөлөр лабораториясынын адистери жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү.
Сыноолордун негизги максаты — комплекстерди текшерүү методикасын иштеп чыгуу жана метрологиялык камсыздоо үчүн зарыл болгон тажрыйбалык маалыматтарды алуу болчу. Иштин жүрүшүндө 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган эталондук жабдуулар колдонулуп, бул өлчөөлөрдүн жогорку тактыгына жетишүүгө мүмкүндүк берди.
Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин «“Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруу маселелери жөнүндө» Жарлыгында белгиленген милдеттерди аткарууга багытталган.
Ошентип, Кыргызстандарт өлкөнүн эгемендүүлүгүн чыңдоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыздоого жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган мамлекеттик жана улуттук программаларды ишке ашырууга түздөн-түз катышууда.