Бакыт Сыдыков ЮНИДО жана ЮНОПС менен кызматташууну күчөтүүдө

Новости
06-Август 2025-ж.
220

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков өлкөнүн расмий делегациясынын курамында Түркмөнстандын Аваза шаарында өтүп жаткан деңизге чыгуучу жолдору жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясына катышты.

Иш-чаранын алкагында министр Бакыт Сыдыков БУУнун өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун (ЮНИДО) Глобалдык өнөктөштүк жана тышкы байланыштар директоратынын башкы директорунун орун басары жана аткаруучу директору Фату Хайдаро айымы, ошондой эле Австриядагы БУУнун долбоордук кызматтары башкармалыгынын (ЮНОПС) көп өлкөлүк кеңсесинин директору Симонетта Силигато айымы менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жыйынтыгында кызматташтык мамилелерди чыңдоо жана өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Онлайн кайрылуу