ЕАЭБ Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү, анда евразиялык интеграция чөйрөсүндөгү кызматташтыктын негизги маселелери каралды. #КРЭКМ тарабынан жыйынга экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты.
Күн тартибинде интеграциянын негизги багыттарын камтыган 27 маселе каралды.
Жыйында 2025-жылга чейинки евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарын ишке ашыруу маселелери талкууланды. Бул багыттар мындан аркы өнүгүү жана кызматташууну чыңдоо үчүн негизги мааниге ээ. Айрыкча, электрондук товар коштоочу документтерден маалыматтарды автоматтык түрдө алмашуу системасын түзүү маселелери көтөрүлүп, бул товарлардын кыймылын көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бюджеттерине кыйыр салыктардын өз убагында жана толук түшүүсүн камсыз кылууга багытталган.
Мындан тышкары, электрондук форматтагы сатып алууларга катышууда ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин потенциалдуу жеткирүүчүлөрү үчүн тоскоолдуксуз мүмкүнчүлүк берүү максатында электрондук санариптик кол тамганы өз ара таануу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.