Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору #КРЭКМ менен биргеликте мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, каржылык институттардын, анын ичинде Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын, ошондой эле тармактык адистердин катышуусунда практикалык семинар уюштурду.
Семинардын ачылышында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын өкүлү Нургүл Эсенаманова жана Климаттык каржылоо борборунун директору Айбек Асанов куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Өз сөздөрүндө алар семинардын актуалдуулугун белгилеп, анын климаттык саясат жана долбоорлоо жаатындагы улуттук потенциалды калыптандырууга кошкон салымын өзгөчө белгилешти.
Программа алкагында катышуучулар глобалдык климаттык тенденциялар, улуттук климаттык саясат, көмүр рыногунун өнүгүшү жана эл аралык климаттык каржылоону тартуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маселелерди талкуулашты.
Айрыкча көңүл долбоордук өтүнмөлөрдү даярдоонун практикалык жагына жана мекемелер аралык өз ара аракеттенүүгө бурулду.