Бакыт Сыдыков Вьетнам компаниясынын топ-менеджерлери менен жолугушту.

Новости
01-Август 2025-ж.
337

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кыргыз Республикасындагы «ROX Group» компаниясынын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ву Куанг жана компаниянын башка жогорку жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, тыгыз кызматташтык маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө вьетнамдык тараптын өкүлдөрүнө #КРЭКМ өз ыйгарым укуктарынын алкагында потенциалдуу долбоорлорду ишке ашыруунун ар кандай этаптарында колдоо көрсөтүүгө даяр экени маалымдалды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, туруктуу жумушчу байланыштарды сактап туруу боюнча макулдашышты.

1996-жылы негизделген «ROX Group» компаниясы кыймылсыз мүлк, технологиялар, мейманкана бизнеси жана каржылык кызматтар тармагында иш алып барат.

Компания өзүнүн эл аралык рыноктордогу катышуусун, анын ичинде Европада, активдүү кеңейтип келет. Атап айтканда, «ROX Group» Кыргыз Республикасынын аймактарында турак жай куруу, энергетика жана рекреациялык туризмди өнүктүрүү багытындагы долбоорлорду ишке ашырууну баштап, топтогон тажрыйбасына жана инновациялык чечимдерге таянууда.

Онлайн кайрылуу