Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Глобалдык жашыл өсүш институтунун (GGGI) Башкы директору Санг-Хеп Ким менен анын Кыргыз Республикасына болгон биринчи расмий иш сапарынын алкагында жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү перспективасы талкууланды.
Айрыкча көңүл климаттык жана жашыл инвестицияларды тартууга, чакан жана орто ишкердикти колдоого, инфратүзүмдү модернизациялоого, көмүртек рыногун жана суутек энергетикасын өнүктүрүүгө бурулду.
Ошондой эле тараптар инновациялык жана санариптик чечимдерди, анын ичинде жасалма интеллектти жана жүгүртүүчү экономика куралдарын киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.
Талкууланган өзүнчө маселе катары Кыргыз Республикасы катышып жаткан GGGI уюмунун «Борбор Азияда суу ташкынына жана кургакчылыкка каршы инновациялык акылдуу ыкмаларды колдонуу аркылуу климаттык туруктуулукту жогорулатуу (2024–2027-жж.)» аттуу регионалдык долбоорунун ишке ашырылышы болду. Долбоо инновациялык климаттык туруктуу чечимдерди киргизүүгө, институттук мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоого жана климаттык каржылоону мобилизациялоого багытталган.
Бул жолугушуу Кыргыз Республикасы менен Глобалдык жашыл өсүш институтунун ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү активдештирүүдөгү маанилүү кадам болуп, туруктуу жана аз көмүртек чыгаруучу келечекти курууга багытталган жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун негизин түздү.