Санжар Болотов Пакистандын ишкер чөйрөсүнө Кыргыз Республикасынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды

Новости
31-Июль 2025-ж.
354

Исламабад шаарында (Пакистан Ислам Республикасы) Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча комиссиясынын кезектеги 5-отурумуна катышты.

Жыйында тармактык кызматташтыктын келечеги кеңири талкууланды. Тараптар эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда байланыштарды орнотууга көмөктөшүүгө, транспорттук, авиа жана туристтик багыттарды биргелешип илгерилетүүгө, логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, энергетика жана тоо-кен тармагындагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө, ошондой эле «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы менен Пакистандын фармацевтикалык продукция өндүрүүчүлөрү ортосунда кызматташтыкты жолго коюуга макулдашышты.

Маданий-гуманитардык байланышты чыңдоого да макулдашууларга жетишилди, өзгөчө жогорку окуу жайлары (ЖОЖдор) ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, чыгармачыл делегациялардын үзгүлтүксүз алмашуусун уюштуруу жана эл аралык спорттук иш-чараларга өз ара катышуу боюнча.

Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын делегациясы Карачи шаарындагы эл аралык деңиз портуна да барып, Пакистан Соода-өнөр жай палаталары федерациясында (FPCCI) бизнес чөйрөлөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Министрдин орун басары Санжар Болотов Пакистандын бизнес коомчулугуна Кыргыз Республикасынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кеңири маалымат берди, ошондой эле экономиканын негизги тармактары — соода, логистика, каржылык инструменттер, энергетика, өнөр жай, тоо-кен тармагы, фармацевтика жана туризм — боюнча инвестициялык потенциалды сунуштады.

Онлайн кайрылуу