Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитовдун төрагалыгынын алдында өлкөдөгү учурдагы социалдык-экономикалык кырдаалды талкуулоого, потенциалдуу макроэкономикалык тобокелдиктерди өз убагында аныктоого жана тийиштүү саясат чараларын иштеп чыгууга арналган ведомстволор аралык кеңешме өттү.
Талкууга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Улуттук банк, Улуттук статистика комитети, Социалдык фонд жана Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү катышты.
Кыргыз Республикасы учурда тез экономикалык өсүш фазасында тургандыгы белгиленди. 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу алкагында, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсү тышкы көз карандылыктан ички өсүү булактарына – калкты иш менен камсыз кылууга, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана адамдык капиталды өнүктүрүүгө басым жасоодо.
Артыкчылык катары ИДПнын жөн гана сандык көлөмүнүн өсүшү эмес, анын сапатынын – экономиканын өндүрүмдүү жумуш орундарын түзүүгө, туруктуу орто классты калыптандырууга жана калктын аялуу катмарын азайтууга багытталган жөндөмдүүлүгүнө басым жасалышы каралууда.
Мурдагы акча которууларга жана алтын экспортуна таянган модель кыска мөөнөттүү туруктуулукту камсыз кылганы менен, экономиканы соккуларга алсыз кылып, ички өнүгүүгө тоскоол болгон.
Мындай шарттарда экономикалык кырдаалды ИДПнын, инвестициялардын жана насыялардын көлөмүнүн өсүшү аркылуу эле эмес, туруктуулук жана тең салмактуулук призмасы аркылуу да караш керек. ИДПнын көлөмүнүн жогорку өсүшүнө (+11,7 % 2025-жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгы) жана бардык секторлордун тез өнүгүшүнө карабастан (өнөр жай +9,8 %, кызмат көрсөтүүлөр +10,0 %, курулуш +42,5 %, айыл чарбасы + 3,8%), экономикада чыңалуунун жана структуралык дисбаланстын айрым белгилери топтолууда.
Бул маселелер өз убагында көңүл бурууну жана тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылат. Атап айтканда, реалдуу өсүү темптеринин потенциалдуу деңгээлден ашып түшкөнү, калктын кирешесинин өсүшү менен эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн ортосундагы дисбаланс, орточо жана медиандык эмгек акынын ортосундагы чоң ажырым, ошондой эле мамлекеттик бюджеттин кошумча чыгашаларынын көбөйүшү байкалууда.
Бул шартта инфляциялык басым да күчөйт – 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында инфляциянын деңгээли жылдык көрсөткүч менен 7,3 % түздү, анын негизги себеби азык-түлүк товарларынын баасынын кымбаттоосу болду.
Талкууда керектөө рыногундагы баа бурмалоолору, эмгек ресурстарынын тартыштыгы жана экономиканын өсүш темпинен керектөө насыясынын көлөмүнүн темпи олуттуу көбөйүшүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Бул үчүн системалык чечимдерди иштеп чыгуунун зарылдыгы белгиленди, алар: сактоо инфраструктурасын өнүктүрүү, импорт механизмдерин оптималдаштыруу, баа чынжырын көзөмөлдөөнү күчөтүү, фискалдык жана акча-кредит саясатын өз ара координациялоо.
Мындан тышкары, тышкы соода активдүүлүгүнүн кескин төмөндөшүнө көңүл бурулду: экспорт 27,2 %га, импорт 11,7 %га азайып, бул валюта рыногуна басым көрсөтүп, төлөм балансынын туруктуулугуна коркунуч жараары белгиленди.
Жыйынтыгында министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов чекиттик чечимдерден экономикалык өсүштүн туруктуулугун камсыздоого жана анын сапатын жогорулатууга багытталган комплекстүү жана координацияланган саясатка өтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Талкуулоонун жыйынтыгында мамлекеттик органдарга макроэкономикалык тобокелдиктерге жооп кайтаруу, баа динамикасына мониторинг жүргүзүүнү күчөтүү, ички өндүрүштү колдоо жана тышкы булактардан көз карандылыкты азайтуу боюнча чараларды тездетүү боюнча бир катар милдеттер коюлду.
Мамлекеттик органдар учурдагы кырдаал боюнча өз көз караштарын айтып, конкреттүү багыттар боюнча сунуштары менен алмашышты.
Кеңешменин жүрүшүндө ведомстволор аралык координацияны күчөтүү, аналитикалык маалымат менен үзгүлтүксүз алмашуу жана экономикалык башкаруунун кыйла активдүү моделине өтүү зарылдыгы жөнүндө бирдиктүү позиция айтылды.