Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин каттоо номерлери бар автоунааларды легалдаштыруу кампаниясы улантылып жатканын маалымдайт.
Бул кампания Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 398–УП Жарлыгына ылайык жүзөгө ашырылууда.
Легалдаштыруу мөөнөтү 2025-жылдын 1-октябрына чейин, ошол күндү кошкондо, белгиленген.
Министрлик Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк мамлекеттик номерлер менен автоунаа айдап жүргөн жарандардын көңүлүн белгиленген тартипте легалдаштыруу жол-жобосун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүндө милдеттүү түрдө өтүү зарылдыгына бурат.
Легалдаштыруу жол-жобосунан өтпөөнү каалаган транспорт каражаттарынын ээлери, белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин унааларын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгаруу чараларын көрүшү керек.