Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда адал соода тармагындагы кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду

Новости
30-Июль 2025-ж.
413

Исламабад шаарында Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосунда соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 5-жыйыны  өттү. Кыргыз Республикасынын делегациясын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жетектеди.

Иш-чаранын алкагында тараптар эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланышты орнотуу, мурда жетишилген келишимдерди иш жүзүндө ишке ашыруу жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Жыйынтыктын негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы “Халал индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Кайырбеков Пакистандын Халал башкармалыгы менен халал соода тармагында өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык боюнча Меморандумга кол койду.

Кол коюлган документ халал-продукцияны ишке ашыруудагы техникалык тоскоолдуктарды азайтууга, эки өлкөнүн халал-сертификациялоо органдарынын кызматташуусуна жана өз ара таануусуна, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.

Онлайн кайрылуу