Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов 2025-жылдын аягына чейин ишке берилүүгө пландалган өнөр жай долбоорлорунун аткарылышы менен таанышып чыкты.
Ал Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарында 10дон ашык долбоорду жеринде көрүп чыкты. Бул иш сапар «100 өнөр жай ишканасы – 2025» улуттук долбоорунун алкагында өттү.
Баткен облусунда төмөнкү объектилер менен таанышты:
• пластикалык калдыктарды кайра иштетүүчү ишкананын ишке берилиши;
• жемиш жана жашылча иштетүүчү цехтин курулушу;
• «Автомагистраль» ЖЧКсы тарабынан асфальт-бетон заводу ишке киргизилди;
• «Халмион Пром» ЖЧКсынын газобетон чыгаруу ишканасы ишке берилди;
• «Кадамжай НПЗ» нефтини кайра иштетүү ишканасынын ишке кириши;
• «Кадамжай сурьма комбинаты» ААКсынын ишмердүүлүгү;
• «Партнер Шифер» ЖЧКсы тарабынан шифер заводу курулууда жана башка объектилер.
Ош облусунда министрдин орун басары төмөнкү 14 долбоор менен таанышты:
• «Кыргыз ЖерСемирткич Заводу» ЖЧКсынын минералдык жер семирткичтерди чыгаруу ишканасынын курулушу;
• Нарай айылында жемиш жана мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү цехтин курулушу;
• «Эл Пласт» ЖЧКсы тарабынан айнек пакет өндүрүшүнүн уюштурулушу;
• «Кызыл-Байрак Плюс» ЖЧКсынын кирпич заводу курулууда;
• «Синьжи Пирим» ЖЧКсынын цемент заводу жаңыртылууда;
• «Туран Групп» ЖЧКсы тарабынан соода-логистикалык борбор курулууда;
• «ЕвроАзияГрупп» ЖЧКсынын өндүрүш базасы кеңейтилип, Кара-Суу районунда трикотаж жана тигүү фабрикасынын курулушу жүрүп жатат.
Жалал-Абад облусунда 7 долбоор менен таанышты, алардын ичинде:
• «Умар Сервис Компани» ЖЧКсынын кайра иштетилген пластиктен шланг жана түтүк чыгаруу ишканасы;
• «ДиСиАй Кей Джи» ЖЧКсынын гипсокартон өндүрүшү боюнча заводу (Сузак району, Достук айылы);
• «Майлуу-Суу лампа заводу» ААКсынын реконструкциясы (Майлуу-Суу шаары);
• «Юг Евро Цемент» ЖЧКсынын цемент заводу (Таш-Көмүр шаары);
• «Аква Сервис» ЖЧКсынын балык иштетүүчү цехи жана башка ишканалар.
Нарын облусунда 7 долбоор каралды, алардын ичинде:
• «Обосек» ЖЧКсынын минералдык сууларды куюу цехи (Чаек айылы);
• «Ормон-Хан» МИнин соода-логистикалык комплекси (Ормон-Хан айылы);
• канаттуулардын этин кайра иштетүүчү ишкана (Кара-Бүк тилкеси);
• автоунаа чогултуу заводу (Кур-Терек тилкеси);
• Нарын шаарындагы таштанды иштетүүчү заводдун курулушу жана башка долбоорлор.
Иш сапардын жүрүшүндө Искендер Асылкулов ишканалардын жетекчилери менен жолугушуп, өндүрүш, инвестициялык климат, жумуш орундары жана экспорт маселелерин талкуулады.
Министрдин орун басары айрым объектилерде оң өзгөрүүлөр байкалганын белгиледи — продукциянын сапатынын жогорулашы, жаңы технологиялардын киргизилиши жана өндүрүш көлөмүнүн кеңейиши. Ошол эле учурда, айрым көйгөйлөр да аныкталды: инфраструктурага кошулуу, адистердин жетишсиздиги жана логистикалык маселелер.
#КРЭКМ бул көйгөйлөрдү чечүүдө көмөктөшүүгө жана өндүрүштөрдүн тез ишке берилишин камсыздоого багытталган колдоо чараларын иштеп чыгууга даяр экенин билдирди.