2025-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин «Көп тараптуулук жана тынчтык жолу менен талаштарды жөнгө салуу аркылуу эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу» темасындагы ачык талкуусунда сөз сүйлөдү.
Министр дүйнөдөгү геосаясий бөлүнүүлөр жана трансчекаралык коркунучтар күчөп жаткан шартта туруктуу тынчтыктын негизги шарттары болуп адилеттүүлүк, теңдик жана инклюзивдүүлүк бойдон калаарын белгиледи. Ал инклюзивдүү башкаруу жана этностор аралык гармония аркылуу туруктуулукту бекемдөөдөгү, ошондой эле диалогдун жана компромисстин маанилүүлүгүн, анын ичинде коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин жөнгө салуу мисалында Кыргызстандын тажрыйбасын баса белгиледи.
Кыргызстан БУУнун тынчтык орнотуу жана алдын алуу дипломатиясындагы ролун кеңейтүүнү колдой турганын билдирип, чакан мамлекеттердин чечим кабыл алуу процессине катышуусун камсыз кылуунун жана климаттык чакырыктарга каршы эл аралык аракеттерди күчөтүүнүн маанисине токтолду.
«Ар бир добуш угулушу керек. Тынч, адилет жана туруктуу келечекти биз биримдик аркылуу гана камсыз кыла алабыз», — деди Бакыт Сыдыков.
YouTube: https://youtu.be/fyy_BBUHfEU