Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги бизнес-коомчулуктарга бюрократияны кыскартуу жана уруксат берүү тартиптерин жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштарды жана демилгелерди кабыл алуу уланып жатканын эскертет.
Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү — 2025-жылдын 31-июлуна чейин.
Бардык сунуштар атайын бекитилген форма боюнча гана кабыл алынат.
Форманы төмөнкү шилтеме аркылуу жүктөп алса болот: https://forms.gle/tBz9SHjFPi7UWcKg6
Толтурулган формаларды төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүү зарыл: office@investment.kg
Инвесткеңештин Катчылыгынын байланыш телефондору (кеңеш алуу жана сунуштарды тапшыруу үчүн):
— 0312 96-36-00
— 0999 96-36-00 (WhatsApp)
#КРЭКМ бизнес-коомчулуктарды реформаларды ишке ашырууга активдүү катышууга жана өлкөдө ишкердик жүргүзүүгө жагымдуу шарттарды түзүүгө салым кошууга чакырат.