Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде «Регулятордук гильотина» механизми жана «Zero Plus» ыкмасынын алкагында уруксат берүүчү системаны оптималдаштырууга багытталган административдик реформанын негизги багыттарынын бирин ишке ашырууга арналган мекемелер аралык координациялык кеңешме болуп өттү.
Кеңешменин катышуучуларына кайрылуу сөзү менен #КРЭКМ биринчи орун басары Чоро Сейитов чыгып сүйлөдү. Ал «регулятордук гильотина» реформасынын иш-аракет алгоритмин эске салып, жүргүзүлүп жаткан иштердин алгачкы жыйынтыктарын белгиледи — бүгүнкү күндө негиздемелери менен сунуштарды 36 мамлекеттик орган менен ведомствонун ичинен 33ү тапшырган. Ал мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн бул багыттагы ишти күчөтүүгө чакырды.
Ошондой эле кеңешменин жүрүшүндө 2025-жылдын 31-июлуна чейин ишкерлер дебюрократияны кыскартууга байланыштуу өз сунуштарын жана демилгелерин атайын форма аркылуу Кыргыз Республикасынын Инвестициялык кеңешине жөнөтө алаары белгиленди. Кеңеш бул демилгелерди чогултуп, талдап чыгып, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине өткөрөт. Министрлик алынган сунуштарды ушул жылдын август айында жалпылап, комиссиянын кароосуна киргизет.
Иш-чарага Экономика жана коммерция министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун, Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын, Инвесткеңешке мүчө болгон бизнес-ассоциациялардын, ошондой эле мекемелер аралык комиссиянын курамына кирген тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Кеңешме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 Жарлыгын жана Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 552-р Токтомун ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү. Бул документтер лицензиялык жана уруксат берүүчү ишмердүүлүктү системалуу түрдө трансформациялоо үчүн бекем укуктук негиз түздү.
Реформанын максаты — бизнеске болгон административдик жүктү азайтуу, эскирген жана кайталанма талаптарды жок кылуу, ашыкча көзөмөлдөн ишкерлер менен натыйжалуу өнөктөштүккө өтүү.
«Zero Plus» ыкмасы — бул жөн гана оптималдаштыруу эмес, бул системалуу кайра жүктөө. Анын негизги принциби: далилденген гана талаптар калат. Бул ишенимге, ачыктыкка жана акыл-эстүү башкарууга негизделген жөнгө салуунун жаңы моделин түзүүгө шарт түзөт — кагаз жүзүндөгү бюрократиянын жана формалдуу көзөмөлдүн ордуна.