Кыргыз Республикасынын ишенимдүү ишкерлери Реестрине кошулуу үчүн ишкердик субъекттеринен документтерди кабыл алуу башталды

Новости
22-Июль 2025-ж.
109

#КРЭКМ Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттеринен Ишенимдүү ишкерлердин Реестрине (мындан ары – Реестр) киргизүү үчүн документтерди кабыл алуу башталганын жарыялайт.

Кыргыз Республикасынын ишкердик субъектисин Реестрге кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына (СӨП КР) кайрылып, арыз тапшыруусу керек.

Арызга төмөнкү документтер тиркелиши зарыл:

Юридикалык жактар үчүн:

1. Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

2. Уставдык документтердин көчүрмөлөрү;

3. Бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздардын жоктугун тастыктаган документтер;

4. Штаттык кызматкерлер тууралуу маалымат;

5. Акыркы үч жылдагы төлөнгөн салыктар боюнча маалымат, улуттук валютада.

Жеке жактар үчүн:

1. Паспорттун көчүрмөсү;

2. Жеке ишкердин патентинин көчүрмөсү;

3. Бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздардын жоктугун тастыктаган документтер;

4. Штаттык кызматкерлер тууралуу маалымат;

5. Акыркы үч жылдагы төлөнгөн салыктар боюнча маалымат, улуттук валютада.

Ишкердик субъекттерин Реестрге кошуу Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин тандоо боюнча туруктуу иштеген Межведомстволук комиссиянын чечиминин негизинде жүргүзүлөт (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги №211-р токтому).

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2025-жылдын 5-августунда аяктайт.

Реестрге киргизилген ишкерлер төмөнкү артыкчылыктарга ээ болушат:

1. Мамлекеттик телеканалдар менен макулдашылган медиаплан боюнча медиаберүү үчүн акысыз эфирдик убакыт;

2. Салык кызматтарынан кезексиз тейлөө;

3. Кыргыз Республикасынын атынан эл аралык көргөзмөлөргө, жарманкелерге жана форумдарга акысыз катышуу;

4. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн текшерүүлөрдөн тышкары, башка мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан үч жылдык текшерүүдөн бошотуу (Реестрге киргизилген күндөн тартып);

5. мамлекеттик насыялоо программаларынын алкагында жеңилдетилген каржылоо мүмкүнчүлүгү.

Талаптар, критерийлер жана документтердин тизмеси менен төмөнкү сайттан тааныша аласыздар:

[https://cci.kg/reestry/reestr-dobrosovestnykh-predprinimatelejj.html](https://cci.kg/reestry/reestr-dobrosovestnykh-predprinimatelejj.html)

Онлайн кайрылуу