Кыргыз Республикасы БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин (ЭКОСОС) колдоосу менен өтүп жаткан Туруктуу өнүгүү боюнча Жогорку деңгээлдеги саясий форумунун (ЖДСФ) алкагында Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүү боюнча Экинчи Улуттук ыктыярдуу баяндамасын (УЫБ) ийгиликтүү сунуштады. Башкы баяндама менен Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков чыгып сүйлөдү.
Кыргызстан 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү күн тартибин улуттук өнүгүүнүн негизги багыты катары карайт. ТӨМ Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынан тартып 2030-жылга чейинки Өнүгүүнүн улуттук программасына чейин бир катар стратегиялык документтерге интеграцияланган. Бул жолку УЫБ 17 максаттын ичинен 16сын камтып, инклюзивдүү, адилеттүү жана туруктуу коомду калыптандыруу багытындагы мамлекеттик аракеттерди чагылдырат.
Баяндаманын өзөгүн жакырчылыкты кыскартуу, социалдык коргоо тутумун модернизациялоо, адамдык капиталды өнүктүрүү, санариптештирүү, аялуу калк топторун колдоо жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу түзөт. Мамлекеттик кызматтарды санариптик трансформациялоо, кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү, билим берүү жана саламаттык сактоо кызматтарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, ошондой эле гендердик теңчилик принциптерин алдыга жылдырууда жетишкен ийгиликтер белгиленди.
Мындан тышкары, баяндамада айлана-чөйрөнү коргоо, климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу жана «жашыл экономиканы» илгерилетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар чагылдырылды. «Эч кимди артта калтырбоо» принциби мамлекеттик саясаттын бардык багыттарында негизги нук катары сакталууда.
Кыргызстан эл аралык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана 2030-жылга чейинки Күн тартибин бардык өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырууну улантууга даяр экенин тастыктады.