ТР ТС 007/2011 техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү коомдук талкуу башталганы жөнүндө

Новости
22-Июль 2025-ж.
522

Бажы бирлигинин “Балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган продукциянын коопсуздугу жөнүндө” (ТР ТС 007/2011) техникалык регламенти

Министрлик “Евразия экономикалык бирлигине техникалык регламенттерди иштеп чыгуу жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Пландынын II бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечиминин долбооруна коомдук талкуу башталганын маалымдайт.

Аталган долбоордо Бажы бирлигинин «Балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган продукциянын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин (ТР ТС 007/2011) өзгөртүүлөрүн иштеп чыгуу тууралуу пункт менен Планды толуктоо каралган.

Чечимдин долбоору жана ага тиешелүү материалдар Евразия экономикалык бирлигинин расмий сайтында төмөнкү даректе жайгаштырылган:

https://regulation.eaeunion.org/pd/

Онлайн кайрылуу