#КРЭКМ орун басары Султан Ахматов импорттолуп жаткан товарларды бажыдан өткөрүү жана тариздөө маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Жолугушууга Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Эльнура Мамбетжунушева баштаган өкүлдөрү менен тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн субъекттери катышты.
Султан Ахматов белгилегендей, санариптик платформаны ишке киргизүү — бул уруксат берүүчү документтерди алуу мөөнөттөрүн олуттуу кыскартуу менен бирге, мамлекеттик органдар менен тышкы экономикалык ишмердүүлүк (ТЭИ) субъекттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн ачыктыгын, натыйжалуулугун, ыңгайлуулугун жогорулатууга жана бюрократияны кыскартууга багытталган.
Кеңешменин жүрүшү 2025-жылдын 14-июлунда өткөн мурунку жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди талкуулоо менен уланды. ТЭИ катышуучулары товарларды бажы жол-жоболорунан өткөрүүдө, анын ичинде шарттуу бошотуу алуу жана тариздөөнүн айрым этаптарында жаралган кошумча кыйынчылыктарды белгилешти.
Жыйынтыгында министрдин орун басары жана мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары бир катар көтөрүлгөн суроолор боюнча түшүндүрмө беришти. Кошумча кароону талап кылган маселелер боюнча катышуучуларга бул маселелер учурда каралып жатканын жана чечимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында кабыл алынарын маалымдашты.
#deburo