Туруктуу өнүгүү боюнча Жогорку деңгээлдеги саясий форумга катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Туруктуу өнүгүү боюнча чечимдер тармагынын (Sustainable Development Solutions Network, SDSN) өкүлдөрү — билим берүү маселелери боюнча вице-президент, профессор Патрик Пол Уолш жана Нью-Йорк катчылыгынын жетекчиси Анна Морат менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
ТӨМ Академиясынын жетекчиси болгон профессор Уолш көп жылдан бери БУУнун Туруктуу өнүгүү күн тартибин илгерилетүүгө активдүү катышып келет. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына (ТӨМ) жетүүдөгү прогрессти баалоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча улуттук системаларды өркүндөтүү өңдүү практикалык кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Атайын көңүл SDSN тарабынан иштелип чыккан SDG Index индексинин методологиясына жана аны эл аралык салыштырма талдоо куралы катары колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө бурулду.
Кыргыз Республикасы SDSN менен кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Бул уюм дүйнөлүк деңгээлдеги таанылган эксперттик борбор болуп саналат. Негизги максат — Туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча Улуттук аналитикалык жана институционалдык мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүү. Тараптар консультацияларды улантуу жана 2030-жылга чейинки күн тартибин ишке ашыруунун негизги багыттары боюнча диалогду тереңдетүү жөнүндө макулдашышты.