Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги БУУ Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин (ЭКОСОС) алдында өтүп жаткан Туруктуу өнүгүү боюнча Жогорку деңгээлдеги Саясий форумдун (ПФУР) алкагында өткөн панелдик сессияга катышып, «Бардыгы үчүн туруктуу экономикалык өсүштү, толук жана натыйжалуу иш менен камсыздоону жана татыктуу эмгекти камсыз кылуу» максатын көздөгөн ТӨМ 8 боюнча улуттук билдирүү жасады.
Кыргыз Республикасынын атынан экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө глобалдык чакырыктардын, эмгек рыногундагы туруксуздуктун, санариптешүүнүн тездешинин жана климаттык өзгөрүүлөрдүн шартында туруктуу экономикалык өсүштү жана татыктуу жумуш орундарын камсыз кылуу өлкө үчүн негизги артыкчылыктардын бири экенин баса белгиледи.
ТӨМ 8ди ишке ашыруу — жакырчылыкты жоюунун, теңсиздикти кыскартуунун, аялдар менен жаштардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн, ошондой эле коомдук келишимди бекемдөөнүн негизги шарттарынын бири болуп саналат, - деп билдирди Бакыт Сыдыков.