«Регулятордук гильотина» алкагында уруксат берүүчү документтерди кыскартуу боюнча реформа башталды

Новости
17-Июль 2025-ж.
241

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги (мындан ары – КР ЭКМ) өлкөнүн уруксат берүү тутумун оптималдаштыруу боюнча реформаны ишке ашырууга киришти. Бул процесс КР Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык башталды жана «регулятордук гильотина» демилгесинин алкагында ишке ашырылууда.

Реформанын максаты – эскирген, кайталанган жана ашыкча уруксат берүүчү, ишкердиктин өнүгүшүнө тоскоол болуп, бизнести жүргүзүүнү татаалдаштырып келген документтерди жоюу.
Реформа КР Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократияны жоюу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык ишке ашырылууда.

Мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтерди инвентаризациялоо жана баалоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. КР ЭКМ буйругу менен баалоо критерийлери жана маалымат берүүнүн типтүү формасы бекитилип, критерийлер мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү (КР Улуттук банкынан тышкары).

Мамлекеттик органдар үч жуманын ичинде бардык уруксат берүүчү документтерди инвентаризациялоого милдеттүү. Мында алардын укуктук негизи, экономикалык негиздүүлүгү, санариптештирүү деңгээли, кайталанган жана эскирген талаптардын бар экендиги, ошондой эле жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү мүмкүнчүлүгү талданып чыгат.

#КРЭКМ келип түшкөн сунуштарды 2025-жылдын 4-августуна чейин жалпылап, комиссиянын кароосуна киргизет. Талдоонун натыйжалары боюнча ашыкча уруксат берүүчү документтерди жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоору иштелип чыгат.

Ошол эле учурда, эгерде мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган уруксат берүүчү документтерди сактоо үчүн негиздемелерди белгиленген мөөнөттө бербесе, КР ЭКМ мындай документтерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбооруна аларды жокко чыгаруу сунушу менен киргизүүгө укуктуу.

Онлайн кайрылуу