Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Соода жана өнүктүрүү банкынын Башкаруучулар кеңешинин 24-жыйынына жана Директорлор кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Иш-чаралар Түркия Республикасынын Стамбул шаарында өттү.
Жыйындардын жүрүшүндө Банктын 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары каралып, ЭКУ алкагында долбоорлорду каржылоонун перспективдүү багыттары талкууланды, ошондой эле катышуучу мамлекеттердин экономикалык өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө багытталган мындан аркы кадамдар макулдашылды.
Өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө Санжар Болотов ЭКУ алкагындагы кызматташтык суверендүү тең укуктуулук, өз ара урматтоо жана конструктивдүү диалог принциптерине негизделерин белгилеп өттү. Ал Банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер региондун туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө, ички аймактык байланыштарды кеңейтүүгө жана глобалдык экономикага интеграцияга көмөк көрсөтүүгө багытталганын белгиледи. Ошондой эле приоритеттүү тармактарга инвестиция тартуунун жана экономикалык өсүштү камсыздоодо каржы институттарынын ролун күчөтүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.
Кыргыз Республикасы ЭКУнун Соода жана өнүктүрүү банкы менен кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирип, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттар түзүлөрүнө үмүт артарын белгиледи.
Маалымат үчүн:
Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы экономикалык өсүштү стимулдаштыруу, инвестиция тартуу жана региондо мамлекеттер аралык кызматташууну өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Уюмга мүчө өлкөлөр: Түркия Республикасы, Иран Ислам Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Афганистан Ислам Эмирлиги, Азербайжан Республикасы жана Кыргыз Республикасы.