Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тышкы экономикалык ишмердүүлүккө катышуучулар (ТЭИК) үчүн түшүндүрмө каттарды берүү жана иштеп чыгуу процессин толук электрондук форматка өткөрдү. Бул кызмат Мамлекеттик ишкана «Бирдиктүү терезе борборунун» маалыматтык системасы — «Бирдиктүү терезе» (ИСЕО) аркылуу ишке ашырылат.
#КРЭКМ Экспорттук көзөмөл жана лицензиялоо бөлүмүнүн (ЭКжЛ) демилгеси менен 10дон ашуун мамлекеттик орган жана 90дон ашык ВЭД өкүлдөрү катышкан ведомстволор аралык жыйын өттү.
Бизнес үчүн кандай өзгөрүүлөр болот?
– Түшүндүрмө кат алуу боюнча арыздарды берүү жана жооп алуу толугу менен онлайн форматта;
– Арыздардын статусу реалдуу убакытта көзөмөлдөнөт;
– Бардык документтер электрондук кол тамга менен ырасталат жана юридикалык күчкө ээ;
– Тутум арыздарды автоматтык түрдө ыйгарым укуктуу органдарга жөнөтөт жана кайрылуулардын тарыхын сактайт;
– Иштеп чыгуу мөөнөтү кыскарып, адам фактору жоюлат.
Бизнес үчүн артыкчылыктары?
– Ылдамдык, ачыктык жана административдик жүктүн азайышы;
– Кагаз иштерин минималдаштыруу жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүүнүн ыңгайлуулугу.
Качан жана кайда башталат?
2025-жылдын 21-июлунан тарта түшүндүрмө каттарды берүү жана алуу Бишкек ш. Жибек Жолу проспектиси, 381 (ТЦ «Эльдорадо», 2-кабат), Ош ш. Абсамат Масалиев проспектиси, 75 (1-кабат) ИСЕО аркылуу жүргүзүлөт.
Ошондой эле ТЭИК өкүлдөрү ИСЕО маалыматтык тутумунун жеке кабинети аркылуу да арыз бере алышат.
Министрлик тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана бизнес үчүн ыңгайлуу чөйрө түзүү максатында санариптик чечимдерди ишке ашырууну улантууда.