Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтчасында министрдин орун басары Санжар Болотов Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун партия комитетинин катчысынын орун басары Хэ Чжун Ю менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Атап айтканда, кызматташуунун төрт артыкчылыктуу тармагы белгиленди: айыл чарба, жашыл энергетика, соода жана туризм.
Санжар Болотов Кыргызстан менен СУАР аймагынын ортосундагы экономикалык байланышты кеңейтүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи. Ал Кыргызстандын экспорттук, туристтик жана өнөр жай потенциалы жогору экенин, ошондой эле курулуш сектору туруктуу өсүп жатканын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар практикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталган конкреттүү биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну баштоо максатында диалогду активдештирүүгө даяр экенин ырасташты.