2025-жылдын 14-июлунда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Туруктуу өнүгүү боюнча ЖОЖ деңгээлиндеги Саясий форумдун (ПФУР) алкагында өткөн биринчи күндүн иш-чараларына катышты. Министр башында турган улуттук делегация аталган форумга БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин (ЭКОСОС) демилгеси менен 14–24-июль аралыгында Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан иш-чарага катышууда.
«Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн каржыны, илимди, технологияларды жана инновацияларды мобилизациялоо» аттуу тематикалык сессиянын алкагында Бакыт Сыдыков сөз сүйлөп, улуттук трансформациялык демилгелерди (УТД) тездетип ишке ашыруу жана туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн ресурстарды масштабдуу түрдө мобилизациялоонун зарылдыгына токтолду. Айрыкча, ТӨМ 3 — «Баардык курактагылар үчүн ден соолукту чыңдоо жана жыргал жашоону камсыз кылуу» максатына жетүүнүн маанисин баса белгиледи.
Өз сөзүндө ал ТӨМдөрдүн бири-бири менен болгон байланышын эске алуу, илимий жана технологиялык чечимдерди интеграциялоо, ошондой эле өлкөлөр жана региондор ортосундагы санариптик жана инфратүзүмдүк теңсиздикти жоюу маанилүү экенин белгиледи.
Делегация башчысы Кыргызстан илимий негизделген жана бардык катмарларды камтыган чечимдерге артыкчылык берип, туруктуу өнүгүү, санариптик трансформация, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарына инвестицияларды тартуу багытында эл аралык кызматташууну бекемдөөгө кызыктар экенин билдирди.
Кыргыз Республикасынын ПФУРдагы катышуусу — өлкөнүн 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү тармагындагы Глобалдык күн тартибин ишке ашырууга активдүү салым кошууга жана эч кимди артта калтырбаган, адилет жана туруктуу келечекти курууга умтулуп жаткандыгын айгинелейт.