Moody’s эл аралык рейтинг агенттиги Кыргыз Республикасынын рейтингине болгон божомолун «Позитивдүү» деңгээлге жогорулатты

Новости
15-Июль 2025-ж.
175

Рейтингдик агенттик Moody’s Кыргыз Республикасынын эгемендүү кредиттик рейтингине болгон божомолун кайра карап чыгып, аны «Туруктуу» деңгээлден«Позитивдүү» деңгээлге өзгөрттү. Эмитенттин узак мөөнөттүү рейтинги B3 деңгээлинде тастыкталды.

Moody’s агенттигинин баалоосуна ылайык, божомолдун өзгөртүлүшү өлкөнүн макроэкономикалык жана фискалдык көрсөткүчтөрүнүн жакшырышын, ошондой эле экономиканын потенциалдуу өсүү ылдамдыгынын жогорулашын чагылдырат. Бул көрсөткүчтөргө жетишүү негизги реформалардын ишке ашырылышы, экономиканынтармактык диверсификациясы жана инфраструктурага активдүү инвестициялараркылуу мүмкүн болду.

Агенттик өзгөчө түрдө мамлекеттик карыздын деңгээлинин төмөндөшүн белгилейт: 2020-жылы ИДПнын 64%ын түзсө, 2024-жылы бул көрсөткүч 37%га чейин азайган. Бул болсо өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн бюджеттик мейкиндик бар экенин көрсөтөт.

Ошондой эле Moody’s агенттиги структуралык реформаларды улантуу, башкаруу сапатын жакшыртуу жана сырткы коркунучтарга туруктуулукту жогорулатуу маанилүү экенин баса белгиледи. Аналитиктердин баамында, бул багытта натыйжалуу саясатжүргүзүлсө, эгемендүү кредиттик рейтингдин жогорулашы мүмкүн.

Маалымат үчүн: 2024-жылга карата Кыргыз Республикасынын Moody’s агенттиги тарабынан берилген суверендүү рейтингдин мүнөздөмөсү — «Туруктуу».

Кыргыз Республикасынын рейтингин кайра карап чыгуу алкагында Moody’sагенттигинин аналитиктеринин иш сапары 2025-жылдын 17–19-июнунда өткөн

Онлайн кайрылуу