Бүгүн, 14-июлда, Жогорку технологиялар паркы (ЖТП) Массачусетс технологиялык институтуна (MIT) — дүйнөдөгү эң беделдүү университеттердин бирине — кабыл алынган эки кыргызстандык бүтүрүүчүгө стипендия ыйгаруу аземин өткөрдү.
Иш-чарага #КРЭКМ орун басары, ЖТПнын Көзөмөлдөө кеңешинин мүчөсү Санжар Болотов ардактуу конок катары катышып, стипендиаттарды куттуктады. Ал өз сөзүндө кадрлардын билимине болгон инвестициялар сөзсүз түрдө экономикалык жана технологиялык секириктерге алып келерин баса белгиледи.
«Мамлекет мындай балдарды колдоону улантат. Биз сиздер Кыргызстандын IT-коомчулугунун өнүгүшүнө чоң салым кошосуздар деп ишенебиз. Ал эми биз болсо, технологиялар жана глобалдык карьера тууралуу кыялданган жаштар үчүн шарттарды түзүүнү улантабыз. Бир күнү өз компанияңыздар менен мекениңиздерге кайтып келесиздер деп чоң үмүт артабыз», — деди Санжар Болотов.
Стипендия алган бүтүрүүчүлөр — Эльдар Искандеров жана Искен Кенжебаев, Эл аралык математика олимпиадасынын (IMO-2024) күмүш медалдын ээлери. Алардын жолу — максатка умтулгандык менен таланттын жаркын үлгүсү.
Иш-чарага ошондой эле MIT университетинин бүтүрүүчүсү, эл аралык олимпиадалардын байге ээси, мурдагы Microsoft иштеп чыгуучусу, учурда Petroglyph.ai компаниясынын CEOсу Кайнар Камалов да катышып, абитуриенттер менен өзүнүн тажрыйбасын бөлүштү.
ЖТП тарабынан берилген стипендиялар — кыргызстандыктар үчүн чет өлкөдөгү ийгиликтүү жашоонун алгачкы кадамы жана ошол эле учурда: Мекен силерге ишенет жана силерди кайрадан өз идеяларыңар, компанияларыңар жана технологияларыңар менен күтүп жатат — деген белги.