Өзбекстандын Улуттук статистика комитетиндеги жолугушуу

Новости
14-Июль 2025-ж.
127

#КРЭКМ караштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү Өзбекстан Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басарына сыпайылык визит жасады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин статистикалык маалыматтарындагы айырмачылыктарды талкуулашты. Ошондой эле, товарооборотту 2 млрд АКШ долларына чейин көбөйтүү боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгуунун маанилүүлүгү белгиленди. Бул максат 2025-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов тарабынан Ташкент шаарындагы расмий сапардын алкагында макулдашылган Жол картасында каралган.

Жолугушуу конструктивдүү жана продуктивдүү маанайда өттү, бул тараптардын экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө өз ара кызыкчылыгын дагы бир ирет тастыктады.


Онлайн кайрылуу