Бүгүн, 2025-жылдын 11-июлунда, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жакырчылыкты азайтуу жана социалдык мобилизацияны жогорулатуу маселелерине арналган республикалык жыйынга катышууда.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун төрагалыгы алдында өтүп жатат.
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри жыйындын ачылышында катышуучуларга кайрылып, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жарандардын жыргалчылыгын жогорулатууга өзгөчө маани берилерин белгиледи. Ар бир жаран өзүнүн потенциалын ишке ашырып, өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошо алышы керектигин баса белгиледи.
«Жакырчылыкты азайтуу маселеси Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында «кызыл сызык»менен белгиленген. Программанын негизги максатына жетишүү туруктуу экономикалык өсүш, калктын жашоо сапатын жакшыртуу жана экономиканын негизги тармактарын комплекстүү өнүктүрүү шарттарын түзүү менен коштолушу керек», — деп баса белгиледи министр.
Ошондой эле, ал бүгүнкү жолугушууда конструктивдүү диалог жүрүп, өлкөнүн туруктуу жана инклюзивдүү өнүгүүсүнө багытталган тең салмактуу экономикалык чечимдер кабыл алынаарына үмүт артаарын айтты.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, эксперттик чөйрөнүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.
Жыйналыштын максаты — социалдык саясаттын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу, жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгуу жана мамлекет менен эл аралык өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун аракеттеринин координациясын күчөтүү.