Кыргызстан менен Тажикстандын экономика министрлери эки өлкөнүн экономикалык өз ара аракеттенүүсүнүн негизги багыттарын талкуулашты

Новости
10-Июль 2025-ж.
110

2025-жылдын 7-июлунда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Тажикстан Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри Завкизода Завки Амин менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулашты. Атап айтканда, өз ара соода көлөмүн көбөйтүү, биргелешкен ишканаларды түзүү, ошондой эле эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн катышуусунда индустриялык жана логистикалык зоналарды өнүктүрүү маселелери көтөрүлдү.

Бакыт Сыдыков Кыргызстан Тажикстан менен экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүүгө стратегиялык маанидеги кадам катары карай турганын белгиледи. Айрыкча, эки өлкөнүн лидерлери макулдашкан демилгелерди ишке ашырууга көңүл бурулуп, өз ара товар жүгүртүүнү 500 миллион АКШ долларына чейин жеткирүү максаты өзгөчө баса белгиленди.

Министр ошондой эле соода, саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт тармактарындагы кызматташтыкты илгерилетүүдө Өкмөттөр аралык кеңештин маанилүү ролун белгилеп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар көтөрүлгөн демилгелерди ишке ашырууга жана эки тараптуу кызматташтыкка жаңы дем берүү боюнча бекем ниеттерин ырастады.

Онлайн кайрылуу