ЕЭК Кеңешинин жыйынында 30га жакын маселе каралды

Новости
09-Июль 2025-ж.
94

2025-жылдын 8-июлунда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин онлайн-жыйыны өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев катышты. Күн тартибиндеги 30 маселе талкууланды.

Негизги жыйынтыктар:

• «Робототехника» евразиялык технологиялык платформасын түзүүгө негиз түзүлдү. Кыргызстандан тең-уюштуруучулар — И.Раззаков атындагы КМТУ жана Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети.

• Навигациялык мөөр басуу аркылуу көзөмөлдөнө турган товарлардын жаңы категориялары (никотин камтыган продукцияны кошкондо) бекитилди. Бул чара мыйзамсыз продукциянын таралышына бөгөт коюу максатын көздөйт.

• Икра, велосипед рамалары, майлоочу каражаттар жана антимикробдук таасири бар косметика сыяктуу жаңы товарларга санариптик маркировка киргизүү боюнча жалпы эрежелер кабыл алынды. Ар бир мүчө мамлекет маркировканы киргизүү мөөнөтүн өз алдынча аныктайт.

• ЕАЭБ алкагында мамлекеттик сатып алуулар үчүн товарлардын келип чыгыш өлкөсүн аныктоо эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул Кыргызстан үчүн полипропилен каптарды жана ири көлөмдүү ийкем контейнерлерди өндүргөндөр үчүн өзгөчө маанилүү.

• Энергияны көп талап кылган шаймандар боюнча техникалык регламенттин күчүнө кирүү мөөнөтү 2028-жылдын 1-сентябрына жылдырылды. Бул документти өркүндөтүүгө жана зарыл болгон экинчи деңгээлдеги актыларды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.


Онлайн кайрылуу