Кыргыз-тажик продукциясынын көргөзмөсү соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн аянтчасына айланды

Новости
09-Июль 2025-ж.
118

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын продукцияларын камтыган эки тараптуу көргөзмөнү уюштурууга катышты. Көргөзмө 2025-жылдын 8-июлунда Дүйшөмбү шаарында өткөн кыргыз-тажик инвестициялык жана экономикалык форумунун алкагында өткөрүлдү.

Көргөзмө «Кыргыз Экспорт» борбору тарабынан уюштурулуп, эки өлкөнүн экспорттук жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү жана ишкерлер ортосунда түз бизнес байланыштарды орнотуу максатын көздөдү.

Көргөзмө аянтчасы жаңы кооперациялык багыттарды талкуулоо жана биргелешкен экспорттук долбоорлорду баштоо үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болуп, кыргыз тараптан 50дөн ашуун компания катышты. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон көргөзмө менен таанышып, өнөр жай жана агрардык кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти.

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлиги ишкерлерди колдоо, кыргыз продукциясын тышкы рынокторго жылдыруу жана Тажикстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча иштерин улантат.


Онлайн кайрылуу