Новости
09-Июль 2025-ж.
21

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Тажикстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 2025-жылдын 8-июлунда Дүшөмбү шаарында өткөн кыргыз-тажик инвестициялык жана экономикалык форумга катышты.

Саламдашуу сөзүндө министр форумду эки тараптуу экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдөгү жаңы жана маанилүү баштапкы чекит катары белгилеп, чек аралар кызматташтыктын жана өсүүнүн борборуна айланып баратканын баса белгиледи.

Форумдун алкагында министр жана анын орун басары Санжар Болотов соода-инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, логистика жана бизнес-кооперация маселелери боюнча панелдик сессияга катышты. «Аймактардын келечегине инвестициялар» аттуу сессияда модераторлук милдетти «Кыргыз Экспорт» борборунун директору Урмат Такиров аткарып, эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда пикир алмашууну уюштурду.

Министр Кыргыз Республикасынын ишкердикти колдоо, экспорттук каржылоо, логистиканы модернизациялоо жана кооперациялык аянтчаларды түзүү боюнча артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Форумдун жыйынтыгында сооданы өнүктүрүүгө, биргелешкен өндүрүштөрдү ишке киргизүүгө жана жаңы логистикалык түйүндөрдү түзүүгө багытталган бир катар келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду.

Онлайн кайрылуу