2025-жылдын 7-июлунда Екатеринбург шаарында он бешинчи «ИННОПРОМ» Эл аралык өнөр жай көргөзмөсү ачылды.
Көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын бир катар өнөр жай ишканалары өз продукциялары менен катышты: «Мед Импекс» ЖЧК, «БИГСЕР» ЖЧК, «Автомаш-Радиатор» ЖЧК, «Жаннат Компани» ЖЧК, «Эко Стоун Групп» ЖЧК, «БИ Групп Лтд» ЖЧК, «Майлуу-Суу лампа заводу» ААК, «МегаВентс» ЖЧК, «Маткасымов» ЖЧК, «Старт Про» ЖЧК, «Кант ТШП» ЖЧК, «ИЗО-ПЕНОПЛАСТ ЛТД» ЖЧК, «Асыл Таш» ЖЧК, «Интергласс» ЖЧК, «Желмаян» ЖЧК жана «Дастан» ТНК.
Ошондой эле көргөзмөгө КМШ, Азия жана Африка өлкөлөрүнөн 60тан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү, 1000ден ашык компаниялар катышууда. Быйылкы жылы көргөзмөнүн өнөктөш өлкөсү катары Сауд Аравиясы чыгууда.
Көргөзмөнүн алкагында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринин өнөр жай министрлеринин үчүнчү жолугушуусу өттү. Ага Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Жолугушууда беш негизги маселе каралып, жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Аны менен бирге, Кыргыз Республикасынын делегациясы Свердлов облусунун Өкмөтүнүн жана бир катар ири өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Алардын катарына «Вояджер» ЖЧК, «МАЙНИТЕК» ЖЧК, «Уралтехфильтр-Инжиниринг» ЖАК, «ПО Спецбурмаш» ЖАК, Урал федералдык университети (УрФУ), «Энерго РС» ЖЧК жана «НИПИГОРМАШ» ААК кирет.
Жолугушууларда тараптар: машина куруу жана кайра иштетүү өнөр жайы, курулуш индустриясы жана технологиялары, электр техникасы, тоо-кен өнөр жайы жана өнөр жай тармагындагы кадрлардын квалификациясын жогорулатуу тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Тараптар өнөр жай, билим берүү жана технология тармактарындагы өз ара кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыктар экенин баса белгилешип, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланышты орнотууга көмөктөшүүгө макулдашышты.
Мындан тышкары, 2025-жылдын 7-июлунда Кыргыз Республикасынын делегациясы Свердлов облусунун ANT-LOGISTIC компаниясы менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Компания логистикалык комплексте кампа жайларын ижарага берүү боюнча иш алып барат.
Ал эми 8-июлда Кыргыз Республикасынын делегациясы ANT-LOGISTIC соода-логистикалык борборуна таанышуу максатында иш сапарга чыгып, кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты. ANT-LOGISTIC азык-түлүктөн баштап өнөр жай продукциясына жана кеңсе жабдыктарына чейин ар түрдүү товарларды сактоо үчүн толук логистикалык циклди камсыз кылган инфраструктураны сунуштайт.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов «ИННОПРОМ» көргөзмөсүнүн башкы сессиясына да катышты. Сессия «Технологиялык лидерлик: индустриялык секирик» темасына өттү.