Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов ишкер аялдарды каржылоо кодексинин расмий ишке киргизүү аземине катышты. Өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө ал аялдардын ишкердиги улуттук экономиканы чыңдоодо жана өлкөнүн туруктуу келечегин калыптандырууда негизги ролду ойной турганын баса белгиледи.
«Аялдарды бизнес багытында колдоо – бул жөн гана социалдык милдет эмес, бул туруктуу экономикалык өсүштүн, жумуш менен камсыздоонун жана өлкөнүн ички потенциалын ачып берүүнүн куралы», – деп белгиледи Санжар Болотов.
Анын айтымында, Кыргыз Республикасындагы 2022–2026-жылдарга карата аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча Программанын алкагында бир катар демилгелер ишке ашырылып жатат. Алардын катарына банктар жана фонддор аркылуу жеңилдетилген насыя жана кепилдик берүү, окутуу программаларын ишке киргизүү, санариптик кызматтарды өнүктүрүү жана социалдык облигацияларды чыгаруу кирет.
Ишкер аялдарды каржылоо кодекси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Европа реконструкциалоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен Экономика жана коммерция министрлиги менен өнөктөштүктө иштелип чыккан. Бул документ аялдардын ишкердигин туруктуу өнүктүрүүгө жана алардын каржы булактарына жетүүсүн кеңейтүүгө багытталган көп тараптуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматындагы глобалдык деңгээлдеги демилге болуп саналат.
Кодекс үч негизги компонентке таянат:
-Лидерлик – аялдарды колдоо маселелерин көзөмөлдөй турган жооптуу жетекчи адамдарды дайындоо;
-Маалыматтар – жыныс боюнча бөлүнгөн маалыматтарды чогултуу жана талдоо;
-Иш-аракет – ишкер аялдар үчүн атайын каржылык жана каржылык эмес продукттарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
Кодекстин ишке ашырылышы эки багытта жүрөт: бир жагынан – аялдарды колдогон Улуттук каржы институттарынын коалициясын түзүү, экинчи жагынан – аялдардын чакан жана орто ишканалары (WSME) боюнча улуттук маалымат чогултуу жана анализдөө системасын өнүктүрүү.
Долбоорду координациялоону ЕРӨБ менен тиешелүү меморандумга кол койгон Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жүргүзөт. Бул процесске негизги өнөктөштөр – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргызстандын банктар союзу, Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы, ошондой эле жеке сектордун өкүлдөрү тартылган.
Бүгүнкү күндө Кодекске 10 алдыңкы каржы уюму кошулду, алардын ичинде:
Коммерциялык банктар: «Банк Компаньон» ЖАК, «Бакай Банк» ААК, «Оптима Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК, «Элдик Банк» ААК, «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» ЖАК, «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК;
Микрофинансылык жана кепилдик уюмдар: «Байлык Финанс» ЖАК МКК, «МФК ОКСУС» ЖАК, Кыргыз Республикасынын Кепилдик фонду.
Кодекстин ишке киргизилиши ар бир аялга ишкердик максаттарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген инклюзивдүү жана туруктуу экономиканы калыптандыруу багытындагы маанилүү кадам болуп саналат.