Кыргыз Республикасынын Президентинин Тажикстан Республикасына болгон сапарынын жыйынтыгында кол коюлган негизги документтер

Новости
08-Июль 2025-ж.
107

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Тажикстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар маанилүү документтерге кол койду.

Тактап айтканда:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешин түзүү тууралуу макулдашууга;

-  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы стандартташтыруу, метрология, продукциянын шайкештигин баалоо жана аккредитациялоо жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы туризм жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлигинин ортосундагы 2025-2026-жылдарга карата жеткирүү, өнөр жай жана жаңы технологиялар жаатында кызматташуу боюнча иш-чаралар планына кол коюлду.

Сапардын негизги жыйынтыктарынын бири — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлушу болду. Кеңеш эки өлкөнүн өкмөт башчылары тарабынан жетектелип, соода-экономика, өнөр жай, энергетика, транспорт, билим берүү жана илим тармактарындагы кызматташтыкты тереңдетүү үчүн натыйжалуу жана туруктуу аянтча болоору күтүлүүдө.

Кол коюлган документтер тараптардын өз ара пайдалуу өнөктөштүктү чыңдоого болгон бекем ниетин айгинелеп, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө бекем негиз түзөт.

Онлайн кайрылуу