Кыргызстан менен Өзбекстан өнөр жай тармагында кызматташууну кеңейтип жатат

Новости
07-Июль 2025-ж.
192

2025-жылдын 7-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен «Ошская фабрика нетканых материалов» ЖЧК (Кыргызстан) жана «Eko Prom Energo» ЖЧК (Өзбекстан) кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту.

Меморандумдун максаты — Кыргызстанда биргелешкен кыргыз-өзбек ишканасын түзүү, өлкөнүн өнөр жай мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, импортту алмаштыруу саясатын ишке ашырууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана эки тараптуу өнөр жай кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган.

Биринчи этапта тараптар төмөнкү жогорку технологиялуу жабдууларды жеткирүү жана орнотуу боюнча биргелешкен өндүрүштү түзүүнү пландашууда:

  • суу жана буу казандары (көмүр, термомай, газ менен иштеген),
  • трансформатордук көмөк чордондору,
  • СКГ үчүн сактоочу резервуарлар,
  • тазалоочу курулмалар.

Экинчи этапта өнөктөштөр рынокту анализдеп, жабдууларды жана инфраструктуралык чечимдерди этап-этабы менен өлкөдө локалдаштыруу иштерин жүргүзүшөт. Бул жергиликтүү өндүрүштү кеңейтүүгө, инвестиция тартууга жана жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот.

Бул меморандум Кыргызстан менен Өзбекстандын өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүдөгү маанилүү кадамдардын бири болду. Ал эки өлкөнүн жеке сектору индустриялдашуу жана туруктуу экономикалык өнүгүү максаттарын биргелешип ишке ашырууга даяр экенин көрсөттү.

Онлайн кайрылуу