Ош шаарында «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун алкагында окуу борбору-дүкөнү ачылды

Новости
07-Июль 2025-ж.
103

2025-жылдын 4-июлунда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин катышуусунда «Бир айыл – бир продукт» окуу борбору-дүкөнүнүн расмий ачылыш аземи өттү.

Жаңы борбор — бул Улуттук «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун жана RESILAND CA+ демилгесинин алкагында ишке ашырылып жаткан жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн окутууларды, тренингдерди жана практикалык мастер-класстарды өткөрүүгө багытталган көп функционалдуу аянтча болуп саналат. Анын негизги максаты — өндүрүүчүлөрдүн ишкердик көндүмдөрүн өркүндөтүү, продукциянын сапатын жогорулатуу жана сатуу рынокторун кеңейтүү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык жана улуттук өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты. Алардын катарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Ош шаардык мэриясы, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP), ARIS, Ага Хан фонду, KOICA, JICA жана башка өнөктөштөр бар.

Окуу борбору-дүкөндүн ачылышы — жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо, аймактык экономиканын туруктуу өнүгүшүнө көмөктөшүү жана кыргыз өндүрүмдөрүн ички жана сырткы рынокторго чыгаруу багытында жүргүзүлүп жаткан биргелешкен аракеттердин жыйынтыгы. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги мындан ары да бул сыяктуу демилгелерге колдоо көрсөтүп, айыл аймактарындагы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө салым кошууну улантат.

Онлайн кайрылуу