Ырасталган экономикалык операторлор: Кыргызстан аймактык кызматташууну күчөтүүдө

Новости
03-Июль 2025-ж.
129

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Молдова Республикасынын Бажы кызматы жана Эл аралык соода борбору (ITC) тарабынан уюштурулган иш-чарага катышты. Иш-чара 2025-жылдын 30-июнунан 2-июлуна чейин Кишинёв шаарында Peer Learning Initiative форматынын алкагында өттү.

Аталган региондук жолугушууга Борбордук Азия өлкөлөрүнөн, Молдова жана Түркиядан мамлекеттик бажы органдарынын өкүлдөрү, соода эксперттери жана жеке сектордун өкүлдөрү катышты. Катышуучулар сооданы жөнөкөйлөтүү жана мамлекеттик органдар менен бизнестин ортосундагы ишенимди арттыруу үчүн ЫЭО программаларын ишке ашыруу жана өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Сессиялардын алкагында укуктук базаны өркүндөтүү, ыраатташтыруу процесстери, санариптик куралдар, жеке сектор менен өз ара аракеттенүү жана таануу механизмдери боюнча ийгиликтүү тажрыйбалар сунушталды. Аймактык кызматташуу жана тажрыйба алмашуу аркылуу ыкмаларды шайкеш келтирүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргызстан тараптан иш-чарага Экономика жана коммерция министрлигинин Бажы саясаты башкармалыгынын өкүлдөрү катышып, региондогу ийгиликтүү моделдер менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул Кыргыз Республикасында ЫЭО институтун түзүү жана өнүктүрүү үчүн негиз болору күтүлүүдө.

Иш-чара Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Ready4Trade: Борбордук Азия – Транскаспий транспорттук коридору аркылуу өнүгүүгө карай жол» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоор соода байланыштарын бекемдөөгө, чакан жана орто бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана региондо туруктуу сооданы өнүктүрүүгө багытталган.

Онлайн кайрылуу