Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары

Новости
30-Июнь 2025-ж.
107

2025-жылдын 27-июнунда Минск шаарында (Беларусь Республикасы) Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) жыйыны өтүп, евразиялык интеграцияны тереңдетүүгө багытталган негизги маселелер талкууланды. Кыргыз Республикасынын делегациясын Президент Садыр Жапаров жетектеди. Ошондой эле жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты.

ЖЕЭК жыйынынын алкагында күн тартибиндеги 14 маселе каралды. Айрыкча маанилүү чечим — 2014-жылдын 29-майында түзүлгөн Евразия экономикалык союзу тууралуу келишимге өзгөртүүлөрдү камтыган IV Чоң Протоколдун кабыл алынышы. Бул документ укуктук жөнгө салуудагы практикалык боштуктарды жоюуга багытталган. Анда Евразия экономикалык комиссиясынын ыйгарым укуктары такталып, ички рынокто тоскоолдуктарды жоюу боюнча чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү кеңейтилди. Ошондой эле техникалык жөнгө салуу, инвестициялар, мамлекеттик сатып алуулар, энергетика жана транспорттук көзөмөл багыттарында заманбап эл аралык стандарттарга ылайык жаңыланган жоболор киргизилди.

Кеңеш спорт тармагындагы экономикалык кызматташтыктын негизги багыттарын бекитти. Бул — мүчө мамлекеттердин аймагында спорт товарларын өндүрүүнү өнүктүрүү жана кадрларды даярдоодо заманбап тажрыйбалар менен алмашууну камтыйт.

Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө  маанилүү эки эл аралык келишимге кол коюлду:

Монголия менен эркин соода боюнча убактылуу келишим, ага ылайык Кыргыз Республикасынын экспорту үчүн товарлардын 85%ы боюнча тарифтик чендер нөлгө түшүрүлөт. Орточо тарифтик чен 5,5%дан 2,8%га чейин төмөндөйт, бул ата мекендик экспорттоочулар үчүн олуттуу артыкчылык жаратат.

Бириккен Араб Эмираттары менен экономикалык өнөктөштүк жөнүндө келишим, анын алкагында кыргызстандык өндүрүүчүлөр БАЭ рыногуна бажы төлөмүсүз кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Атап айтканда, кой эти, жаңгак, бал, эт субпродукттары, эт консервалары, кургатылган жашылча-жемиштер, ширелер, кычкыл сүт продукциялары жана башка айыл чарба товарларын жеткирүү мүмкүнчүлүгү ачылат.

Ошондой эле мүчө мамлекеттердин башчылары 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттардын ишке ашырылышы боюнча маселени талкуулап, Евразия комиссиясына коюлган тапшырмаларды ишке ашырууну күчөтүүнү тапшырды.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйыны 2025-жылдын декабрь айында Санкт-Петербург шаарында өтмөкчү.

Онлайн кайрылуу