Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы (Мындан ары - Суу ресурстары кызматы) үчүн 370 даана атайын техниканы жеткирүү боюнча долбоорду ишке ашыруу тууралуу Макулдашууга кол койду. Документке кол коюу Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы техникалык-экономикалык кызматташтыктын алкагында ишке ашты.
Макулдашууга ылайык, техникалар Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары кызматына өткөрүлүп берилет. Долбоордун жалпы суммасы 148,9 миллион юанды түзөт.
Долбоорду ишке ашыруу Суу ресурстары кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого өбөлгө түзөт жана ирригациялык объекттерди натыйжалуу пайдаланууга жана тейлөөгө көмөктөшөт.
Бул долбоор Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү тарабынан гранттык жардамдын негизинде жүзөгө ашырылат. Кытай тараптан документке КЭР мамлекеттик өнүктүрүү комитетинин төрагасынын орун басары Лю Цзянпин кол койду.
#КРЭКМ бул Макулдашууга кол коюуну өлкөнүн туруктуу суу-өнөр жай тутумун өнүктүрүүгө жана кыргыз-кытай кызматташтыгын мындан ары чыңдоого багытталган маанилүү кадам катары баалайт.