Искендер Асылкулов Чунцинден келген бизнес-делегация менен жолугушту: басым инвестиция жана келечектеги долбоорлордо

Новости
27-Июнь 2025-ж.
177

2025-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Искендер Асылкулов Кытай Эл Республикасынын Чунцин шаарынан келген бизнес-делегация менен жолугушуу өткөрдү.

Сапар #КРЭКМ Кытай Эл Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп, курамында Чунцин шаарындагы 30дан ашуун ири компаниялардын жана тармактык бирикмелердин өкүлдөрү болду. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Алардын катарында инвестициялык долбоорлор, туризм тармагын өнүктүрүү, экспортту кеңейтүү жана өнөр жай менен инфраструктура чөйрөсүндөгү кызматташтык маселелери бар.

Кытай тарап энергетика, айыл чарба жана өнөр жай тармактарына инвестиция салууга кызыкдар экенин билдирди. Ошону менен катар туризмди өнүктүрүү жана кытайлык туристтерди тартууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу демилгеси көтөрүлдү.

Мындан тышкары, кыргыз продукциясынын Кытай рыногуна экспортун кеңейтүү жана энергетика тармагындагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Онлайн кайрылуу