Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин Төрайымы Наталья Петкевич, Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы соода маселелери боюнча мамлекеттик министри Тани бин Ахмед Аль Зейуди, Абу-Даби Соода-өнөр жай палатасынын Төраганын биринчи орун басары Али Саид бин Хармаль жана башка мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн катышуусунда жогорку деңгээлдеги бизнес-диалог өттү.
Султан Ахматов «ЕАЭБ–БАЭ бизнес-диалогу» сессиясында сүйлөп жатып, Евразия экономикалык биримдиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган бул иш-чарага чакырылганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргыз Республикасы ЕАЭБ менен БАЭ ортосунда Экономикалык өнөктөштүк тууралуу макулдашуунун кол коюлушун кубаттай турганын белгилеп, бул документ өз ара сооданын өсүшүнө, инвестициялык жагымдуулуктун жогорулашына, өндүрүш жана технологиялык тармактардагы кызматташтыкты чыңдоого жана ЕАЭБ менен Эмираттардын ортосундагы экономикалык байланыштардын андан ары өнүгүшүнө өбөлгө болорун белгиледи.
Атап айтканда, бул макулдашуунун кабыл алынышы жана ишке ашырылышы Кыргыз Республикасынын Эмираттарга болгон учурдагы экспортунун 98% чейин бажы алымдарын жоюп, соода преференцияларына мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, Кыргызстандын Эмираттарга экспорттогон товарларына орточо бажы алымы 5%дан 1%га чейин төмөндөйт. Эмираттар рыногунун ачылышы кыргызстандык экспортёрлорго кой эти, жаңгак, бал, эт субпродуктулары, эт консервалары, кургатылган жашылча, бодо мал эти, жемиш ширелери, кычкыл сүт азыктары сыяктуу айыл чарба товарларын жана кийим үлгүлөрү, таңуу пакеттер, синтетикалык жиптен тигилген костюмдар, пахта жибинен тигилген костюмдар, майкалар, фуфайкалар, лампочкалар сыяктуу өнөр жай товарларын бажы алымын төлөбөй экспорттоого шарт түзөт.
Султан Ахматов көптөгөн кыргызстандык компаниялар Эмираттар рыногуна сапаттуу продукцияны жеткирүүгө кызыктар экенин белгиледи. Мисал катары, 2024-жылы Дубайда өткөн International Textile and Apparel Fair көргөзмөсүндө «Venstella» жана «Assa Group» аттуу жергиликтүү компаниялар жеңил өнөр жай товарларын жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюп, учурда тогуз түрдүү продукциядан турган алгачкы партиясын жөнөтүшкөнүн айтты.
Ал кыргыз тарап Эмираттар менен кызматташуунун жаңы багыттарын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Алардын катарына жашыл энергетика жана ГЭС, экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясынын экспорту, Ысык-Көлдүн туризм жана инфраструктура тармагына инвестиция тартуу, санариптик экономика жана финтех-долбоорлор кирет. Сөзүнүн соңунда #КРЭКМ орун басары жаңы сунуштарга, демилгелерге жана инвестицияларга ачык экенин белгилеп, ЕАЭБ алкагындагы интеграциянын тереңдеши жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуунун чыңдалышы аймактык туруктуулукту бекемдөөгө, өз ара экономикалык пайдага жана туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.