Кыргызстан IV Евразия экономикалык форумунда интеграциянын артыкчылыктуу багыттарын белгиледи

Новости
26-Июнь 2025-ж.
144

Минск, 2025-жылдын 26-июну — Кыргыз Республикасынын делегациясы IV Евразия экономикалык форумуна катышты. Форумдун алкагында Кыргызстандын өкүлдөрү ишкердик программасынын негизги сессияларында сүйлөп, евразиялык интеграция принциптерине берилгендигин жана тышкы экономикалык байланыштарды чыңдоого умтулуусун тастыкташты.

Евразия экономикалык биримдигинин 10 жылдыгына арналган бул форумга #КРЭКМ орун басары Султан Ахматов катышты. Ал өз сөзүндө интеграциянын гуманитардык аспектисинин маанилүүлүгүн белгилеп өттү — анын ичинде бирдиктүү социалдык-билим берүү мейкиндигин түзүү, академиялык мобилдүүлүктү илгерилетүү, квалификацияларды таануу жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылын камсыз кылуу маселелери камтылды.

Айрыкча көңүл бурулган багыт — Евразия тармактык университетинин ишмердүүлүгү болду. Бул ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын консорциуму болуп саналат жана 2022-жылы Бишкек шаарында өткөн биринчи Евразия экономикалык форумунда Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленген. Гуманитардык кызматташтыктын ийгиликтүү мисалы катары 2025-жылдын май айында Кыргыз экономикалык университетинин базасында өткөрүлгөн Евразиялык тармактык университеттин Жайкы мектеби белгиленди.

Султан Ахматов кесиптик жана санариптик билим берүүнү активдүү өнүктүрүүнү, академиялык алмашууларды кеңейтүүнү, биргелешкен илимий-изилдөө платформаларын түзүүнү, ошондой эле интеграциялык өз ара аракеттенүүнүн алкагында инклюзивдүү өнүгүүнүн принциптерин киргизүүнү колдоду.

Ошондой эле ал ЕАЭБдин ички рыногунун иштешине байланыштуу актуалдуу маселелерге токтолду. Айрыкча, учурдагы тоскоолдуктарды жоюу, аларды аныктоо тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана тиешелүү механизмдерди иштеп чыгуу зарыл экенин белгиледи. Проблемалуу маселелер катары көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы кезектер, шайкештик сертификаттарын өз ара таануу жана эмгек ресурстарынын эркин жүрүүсүн камсыз кылуу маселелери айтылды.

Сөзүнүн аягында министрдин орун басары Кыргыз Республикасы жаңы интеграциялык демилгелерге жана инвестициялык кызматташтыкка кызыгуусун көрсөттү. Ал евразиялык интеграциянын мындан аркы өнүгүшү региондун туруктуулугун бекемдөөгө, экономикалык потенциалдын өсүшүнө жана ЕАЭБке мүчө мамлекеттер үчүн өз ара пайдалуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.

Онлайн кайрылуу