Минск, 2025-жылдын 26-июну — IV Евразия экономикалык форумунун алкагында ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин экономика министрликтеринин жетекчилеринин кеңешмеси болуп өттү. Кыргыз Республикасынан аталган иш-чарага экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө Султан Ахматов евразиялык интеграцияны мындан ары өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, Евразия экономикалык биримдигин 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын ишке ашырылышы боюнча жыйынтыктарды чыгарды.
#КРЭКМ орун басарынын айтымында, 2025-жыл Евразия экономикалык биримдиги үчүн өтө маанилүү этап болуп саналат, анткени “Стратегия-2025” аяктоо стадиясына жетти. Бул шартта ЕАЭБни 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилге өнүктүрүүнүн Декларациясын ишке ашыруунун иш-чаралар планын даярдоого өзгөчө көңүл бурулууда.
«Бул документ интеграцияны тереңдетүүнүн багытын гана аныктап тим болбостон, учурдагы стратегиянын логикалык уландысы болушу керек. Ушуга байланыштуу, азыркы планда толук аткарылбай калган иш-чараларды жаңы “жол картасына” киргизүү зарыл. Документтин стратегиялык мүнөзүн эске алуу менен, амбициялуу максаттарды белгилөө жана негизги интеграциялык багыттарды макулдашууда мекемелер аралык кеңешмелерди күчөтүү да маанилүү», — деп айтты Султан Ахматов.
Ошондой эле, анын сөзүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тең салмактоо куралы катары мейкиндиктик пландаштыруунун маанисине өзгөчө көңүл бурулду. Аймактардагы экономикалык өнүгүү деңгээлинин, калктын тыгыздыгынын жана инфраструктуралык камсыздалуусунун айырмачылыктары комплекстүү жана макулдашылган мамилени талап кыларын билдирди.
Мейкиндиктик пландаштыруу өндүрүштүк кубаттуулуктарды натыйжалуу жайгаштырууга, транспорттук коридорлор менен логистикалык түйүндөрдү өнүктүрүүгө, ошондой эле инвестициялык саясаттын артыкчылыктуу багыттарын аныктоого өбөлгө түзөрү белгиленди. Ушуга байланыштуу, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын чечимдеринде тиешелүү методикалык ыкмаларды бекитүү сунушталды. Бул евразия мейкиндигин өнүктүрүүдө бирдиктүү жана макулдашылган мамилени камсыздоого жардам берет.