Эки мамлекет — бир максат: туризмдеги туруктуу өнөктөштүк

Новости
25-Июнь 2025-ж.
82

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Малайзия Өкмөтүнүн ортосунда туризм тармагында кызматташуу боюнча Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Бул Меморандумдун максаты – эки мамлекеттин ортосундагы туризм чөйрөсүндөгү эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө жана өркүндөтүүгө умтулуу болуп саналат. Кызматташуу тең укуктуулукка, өз ара урматтоого жана өз ара пайда принциптерине негизделет. Айрыкча көңүл, Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын туризм боюнча мамлекеттик органдарынын, улуттук, аймактык жана башка туристтик уюмдарынын ортосунда туруктуу жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты орнотууга бурулат.

Меморандумдун алкагында туризм тармагында экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана бекемдөө, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, тажрыйба жана маалымат алмашуу, ошондой эле туристтик продукттарды илгерилетүү да каралган.

Онлайн кайрылуу