Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов 2025-жылдын 24-июнунда Швейцария Конфедерациясынын Берн шаарында өткөн Кыргыз-Швейцария Өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын 5-жыйынында кыргыз делегациясын жетектеди.
Швейцария тараптан жыйынга Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик секретариатынын (SECO) эки тараптуу экономикалык байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысы, Элчи Андреа Раубер Саксер төрагалык кылды.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар соода, инвестициялар, туризм, энергетика, транспорт, каржылык инструменттер, экология, фармацевтика жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууларга жетишилди. Анын ичинде инфраструктуралык демилгелер, гранттык жана техникалык жардам программалары, ишкердикти колдоо, ошондой эле бизнес-форумдарды жана ишкердик миссияларды өткөрүү каралган. Швейцариянын Кыргыз Республикасынын экономикалык реформаларына мындан аркы катышуусунун маанилүүлүгү белгиленди.
Жыйындын алдындагы күндө, Цюрих шаарында Санжар Болотов Швейцариялык бизнес өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушуу Switzerland Global Enterprise (S-GE) уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Элчилигинин колдоосу менен уюштурулду.
Министрдин орун басары Кыргызстандын учурдагы экономикалык саясаты, бизнес чөйрөнү жакшыртууга багытталган жүргүзүлүп жаткан реформалар, ошондой эле соода, энергетика, каржы, өнөр жай, кен казуу тармагы жана туризм сыяктуу багыттардагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр боюнча презентация жасады. Өзгөчө логистика, транспорт жана фармацевтика жаатындагы кызматташтыктын келечеги белгиленди.