Бакыт Сыдыков Кыргызстандын суверендүү рейтингин кайра кароо алкагында Moody’s агенттигинин аналитиктери менен жолугушуу өткөрдү

Новости
23-Июнь 2025-ж.
77

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков 2025-жылдын 17–19-июнунда Кыргызстанда иш сапары менен болгон Moody’s эл аралык рейтингдик агенттигинин аналитиктери менен жолугушуу өткөрдү. Бул визит Кыргыз Республикасынын суверендүү кредиттик рейтингин кайра кароо алкагында уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүн, жүрүп жаткан түзүмдүк реформалар жана экономикалык саясаттын артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди.

Бакыт Сыдыков Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга, атаандаштыкка жөндөмдүү чөйрөнү өнүктүрүүгө жана жарандардын социалдык корголушун бекемдөөгө багытталган саясатты ырааттуу жүргүзүп келе жатканын белгиледи. Бул аракеттер инвестициялык климатты жакшыртууга, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана өлкөнүн каржылык туруктуулугун чыңдоого өбөлгө болууда.

Moody’s агенттигинин аналитиктери визиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Улуттук банк жана башка негизги мамлекеттик органдар менен каржы мекемелеринин өкүлдөрү менен өзүнчө жолугушууларды да өткөрүштү. Талкуулардын жүрүшүндө макроэкономикалык туруктуулук, фискалдык жана акча-кредит саясаты, мамлекеттик карыздын динамикасы, туруктуу өсүштүн приоритеттери жана инвестициялык климатты жакшыртуу маселелерине көңүл бурулду.

Кыргыз тарап негизги экономикалык көрсөткүчтөр жана мамлекеттик башкарууну жакшыртууга багытталган учурдагы саясий демилгелер боюнча кеңири жана ар тараптуу маалымат берди. Визит конструктивдүү маанайда өтүп, эл аралык рейтингдик уюмдар менен диалогдун маанилүү бөлүгүнө айланды.

Moody’s агенттиги Кыргыз Республикасынын суверендүү кредиттик рейтингин кийинки жаңыртуу учурунда берилген маалыматтарды жана визиттин жыйынтыктарын эске алышы күтүлүүдө.

Маалымат үчүн:

Moody’s эл аралык рейтингдик агенттиги тарабынан Кыргыз Республикасынын 2024-жылдагы суверендүү кредиттик рейтинги «тұруктуу» деп бааланган. Жарыяланган отчетко ылайык, рейтингдин божомолу «терс» деңгээлден «тұруктуу» деңгээлге көтөрүлгөн. Ошону менен катар, эмитенттин улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы узак мөөнөттүү рейтинги B3 деңгээлинде белгиленген.


Онлайн кайрылуу