КР ЭКМ жетекчилиги БАРЭК Программасынын Жогорку деңгээлдеги расмий өкүлдөрүнүн жыйынына катышты

Новости
20-Июнь 2025-ж.
191

2025-жылдын 17–19-июнунда Ысык-Көлдө Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагында Борбордук Азиянын Регионалдык Экономикалык Кызматташтыгы (БАРЭК) Программасы боюнча Жогорку деңгээлдеги расмий өкүлдөрүнүн (ЖДӨӨ) жыйыны өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынан Экономика жана коммерция министрлигинин жетекчилиги — министрдин орун басарлары Искендер Асылкулов жана Санжар Болотов катышты.

Жыйынга БАРЭК Программасына мүчө болгон он мамлекеттин — Азербайжан, Грузия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын делегациялары чогулду. Катышуучулардын курамында бир катар өлкөлөрдүн экономика министрлеринин орун басарлары, Азия өнүктүрүү банкынын директорлору жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр болду.

Тематикалык сессиялардын алкагында регионалдык кызматташуунун бир катар маанилүү багыттары талкууланды. Атап айтканда: маанилүү минералдарды өнүктүрүү, туризмди илгерилетүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү кеңейтүү жана БАРЭК Программасынын учурдагы жана келечектеги долбоорлору. Айрыкча транспорттук стратегия боюнча Орто мөөнөттүү аракеттер планын жана климаттык өзгөрүүлөр боюнча пландарды кайра карап чыгуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз Республикасынын атынан БАРЭК Программасынын улуттук координатору, экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов региондук интеграцияны тереңдетүүгө жана туруктуу экономикалык өнүгүүгө багытталган бир катар флагмандык долбоорлорду сунуштады. Бул демилгелер катышуучу мамлекеттердин жана өнөктөштөрдүн кызыгуусун жаратты.

Жыйын БАРЭК алкагындагы жалпы стратегиялык максаттарды ишке ашырууда регион мамлекеттеринин жана эл аралык уюмдардын ортосундагы макулдашылган аракеттерди бекемдөөгө багытталган мазмундуу диалог үчүн маанилүү аянтча болду.

Онлайн кайрылуу