Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн координациялык кеңешинин (DPCC) жыйынына катышты. Жыйынга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан жана эл аралык уюмдардан өкүлдөр катышты.
Иш-чаранын алкагында министр Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын сунуштап, анын негизги артыкчылыктарына, стратегиялык багыттарына жана күтүлгөн жыйынтыктарына кеңири токтолду. Ал Программа өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өсүшкө, глобалдык процесстерге интеграцияга жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө умтулуусун чагылдырарын баса белгиледи.
Министр өзгөчө көңүлдү Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планына бурду. Бул план Программанын ар бир багыты боюнча конкреттүү кадамдарды жана күтүлгөн натыйжаларды камтыйт. Бакыт Сыдыков өнүктүрүү боюнча бардык өнөктөштөрдү өз демилгелерин жана долбоорлорун сунуштоого чакырып, аларды иш-чаралар планына киргизүү мүмкүнчүлүгүн белгиледи.
Эл аралык жана донордук уюмдардын өкүлдөрү Улуттук өнүктүрүү программасынын мазмунун жогору баалап, анын комплекстүүлүгүн, реалисттигин жана эл аралык артыкчылыктарга шайкештигин белгилешти. Талкуунун жүрүшүндө Кыргызстанга Программанын ишке ашырылышында колдоо көрсөтүүгө жана мындан аркы кызматташууга даяр экендиктери айтылды.